2026-жылдын 10-июнунда Ош мамлекеттик университетинде «Билим кербени-2026» аттуу илимий-инновациялык иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында инновациялык долбоорлордун көргөзмөсү уюштурулуп, ойлоп табуучулар, ишкерлер, студенттер жана илим чөйрөсүнүн өкүлдөрү өздөрүнүн жаңы идеяларын жана иштеп чыгуулары менен бөлүшүштү.
Иш-чаранын ачылышында Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков жана Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун бөлүм башчысы Дамира Түлөбердиева сөз сүйлөп, илим менен инновацияны өнүктүрүүнүн маанисине токтолушту. Алар катышуучуларга ийгиликтерди каалап, өлкөнүн илимий-инновациялык потенциалын чыңдоодо мындай демилгелердин орду чоң экенин белгилешти.
Иш-чаранын жүрүшүндө бир катар инновациялык долбоорлор тааныштырылды. Жибек Туратбекова «Кол өнөрчүлөрдүн арасында ишкердикти өнүктүрүү» темасында баяндама жасап, кол өнөрчүлүк тармагындагы ишкердик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди жана аталган багыттагы кыска метраждуу тасманы көрсөттү.
Ошондой эле Нурлан Калдыбаев тарабынан сунушталган «ЭКО Таш» долбоорунда табигый таштарды пайдалануу аркылуу «жашыл» экономиканы өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Зулайка Эрмекова «Дан кыям» долбоорун, Илхомжон Асанбаев «Инклюзивдүү технология» долбоорун тааныштырса, Баатыр Акматов «ЭФИ» жылуулук генераторун өндүрүүчү чакан ишкананы уюштуруу боюнча маалымат берди. Ал эми Улан Канат уулу AiDos санариптик платформасынын мүмкүнчүлүктөрүн сунуштады.
Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун өкүлдөрү илим жана интеллектуалдык менчик жаатындагы актуалдуу маселелер боюнча баяндамаларды жасашты. Дамира Түлөбердиева илимди өнүктүрүүнүн учурдагы көйгөйлөрү, келечектеги багыттары жана жаңы долбоорлор тууралуу маалымат берди. Динара Жумаева автордук жана чектеш укуктарды коргоо маселелерине токтолду.
Мындан сырткары, Бактияр Ибрагимов ойлоп табууларга, пайдалуу моделдерге жана өнөр жай үлгүлөрүнө патент алуу жол-жоболору боюнча баяндама жасады. Ал эми Эмилбек Зуур уулу товардык белгилерди, товарлардын келип чыккан жерлеринин аталыштарын жана географиялык көрсөткүчтөрдү укуктук жактан коргоо маселелери боюнча кеңири маалымат берди.
Иш-чаранын соңунда интеллектуалдык менчикти жайылтуу, инновациялык долбоорлорду колдоо жана өнүктүрүү маселелери боюнча жыйынтык чыгарылып, катышуучулар менен суроо-жооп уюштурулду.
«Билим кербени – 2026» иш-чарасы илим менен инновацияны өнүктүрүүгө, чыгармачыл жана ойлоп табуучулук демилгелерди колдоого, ошондой эле интеллектуалдык менчик боюнча коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган натыйжалуу аянтча болуп берди.
