Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду “Илимдеги, ойлоп табуучулуктагы жана инновациядагы аялдын образы” аталышындагы конкурс жарыялайт!

Көңүл буруңуздар! Конкурс!
Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду
“Илимдеги, ойлоп табуучулуктагы жана инновациядагы аялдын образы” аталышындагы конкурс жарыялайт!

Конкурстун номинациялары:
1) “Окумуштуу аял”;
2) “Ойлоп табуучу аял”;
3) “Новатор аял”;
4) “Илимдеги кыз-келиндер командасы”;
5) “Мыкты илимий жетекчи аял”
6) “IT илимдеги аял”
7) “Student science” (студенттер үчүн)

Сынактын жеңүүчүлөрү калыстар тобунун мүчөлөрү тарабынан аныкталат:
-“Окумуштуу аял” илимдин өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон аялдардын ичинен аныкталат;
– “Ойлоп табуучу аял” ойлоп табуучулук иште чоң ийгиликтерге жетишкен аялдардын ичинен аныкталат (патенти болсо);
– “Новатор аял” инновациялык ишмердүүлүктө чоң ийгиликтерге жетишкен аялдардын ичинен аныкталат;
– “Илимдеги кыз-келиндер командасы” илимдин өнүгүшүнө маанилүү салым кошкон аялдардын командасынан аныкталат;
– “Мыкты илимий жетекчи аял” илимий-изилдөө ишинде чоң ийгиликтерге жетишкен жана илимдин кандидаттары менен докторлорун тарбиялаган аялдардын ичинен аныкталат;
– “IT илиминдеги аял” IT чөйрөсүндө чоң ийгиликтерге жетишкен аялдардын ичинен аныкталат (сайттарды иштеп чыгуу, компьютердик графика жана анимация, ар кандай тармактардагы программалык камсыздоо);
– “Student science” (студенттер үчүн) илимий-изилдөө ишмердүүлүгүндө чоң ийгиликтерге жетишкен студенттердин ичинен аныкталат.

Катышуу үчүн толтурулган өтүнмөнүн формасын, материалдарды жана фотосүрөттү кагаз жана электрондук форматта төмөнкү дарекке жөнөтүү керек: 720020 Бишкек ш., Малдыбаев көч., 34 б, ИМ Мамфонд же электрондук почтага gosfond@ilim.gov.kg, a.sulaymanova@ilim.gov.kg.
Өтүнмө кабыл алуу мөөнөтү 2026-жылдын 30-сентябрына чейин.
Байланыш тел.: (0312) 54-06-54; 0555 421 421

Slide
Slide