“7 жаш автор” адабий конкурcу!
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду жаш калемгерлер үчүн “7 жаш автор” адабий конкурсун жарыялайт.
Конкурстун максаты – жаш авторлордун талантынын ачылышы үчүн жагымдуу шарт түзүү, чыгармачылык ишмердүүлүгүн андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү жана көмөк көрсөтүү, мыкты чыгармаларын аныктоо жана жайылтуу; жаштарды чыгармачылыкка тартуу менен элибиздин улуттук маданият жана руханий байлыгынын адеп-ахлактык негиздерин өздөштүрүүгө багыттоо болуп эсептелет.
Конкурстун багыты – проза, поэзия, драматургия.
Чыгармаларды кабыл алуунун шарттары:
– чыгармалар мамлекеттик жана расмий тилде кабыл алынат;
– конкурска эч жерде жарык көрбөгөн чыгармалар гана катыштырылат;
– чыгармалар компьютерде 14-шрифт, саптардын аралыгы – 1 интервал, Times New Roman арибинде терилип, 250 беттен ашпоого тийиш;
– өтүнмө, кыскача өмүр баяны, сүрөтү, учурда иштеген (окуган) жери жана дареги жазылуусу керек;
– конкурска 45 жашка чейинки авторлор катыша алат;
– конкурстун жыйынтыгында 7 жеңүүчүнүн чыгармалары Уюштуруучулар тарабынан басылып чыгарылат;
Материалдарды 2026-жылдын 18-майынан 25-сантябрына чейин d.akun@ilim.gov.kg электрондук дарегине жөнөтүү керек.
Сурап-билүү үчүн байланыш телефондор:
(0312) 54-06-54, (0700) 84-83-29


