2026-жылдын 28-29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан «Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорунун (ТИКБ) улуттук тармагын өнүктүрүү: тренингдер, талкуулар жана тажрыйба алмашуу» аттуу окутуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чаранын негизги максаты – интеллектуалдык менчик жаатындагы теориялык билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү кеңейтүү, ошондой эле товардык белгилерди, ойлоп табууларды, өнөр жай үлгүлөрүн жана пайдалуу моделдерди каттоо боюнча катышуучулардын компетенцияларын жогорулатуу болду.

Семинардын жүрүшүндө ТИКБнын ишмердүүлүгү, интеллектуалдык менчиктин негиздери жана өнөр жай менчигинин объектилери боюнча негизги түшүнүктөр каралды. Ошондой эле товардык белгилерди каттоо, аларды укуктук коргоо жана өтүнмөлөрдү экспертизалоо процесстери боюнча кеңири маалымат берилди.

Практикалык бөлүктө катышуучулар патенттик жана патенттик эмес маалымат базалары менен иштөө, патенттик издөө жүргүзүү, ошондой эле Мадрид Монитор, МКТУ жана ФИПС сыяктуу маалыматтык системаларды колдонуу боюнча көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Мындан тышкары, координаторлор үчүн отчет берүү тартиби боюнча түшүндүрмөлөр берилди.

Семинардын алкагында тажрыйба алмашуу сессиясы уюштурулуп, анда маалыматтык ресурстарды пайдалануу жана колдонуучуларга кызмат көрсөтүү маселелери талкууланды.

Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулардын билим деңгээлин баалоо максатында тестирлөө өткөрүлдү. Семинар жыйынтыктоочу талкуу жана катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен аяктады.

Жалпысынан, бул семинар ТИКБнын улуттук тармагын өнүктүрүүдө адистердин кесиптик потенциалын жогорулатууга, практикалык билимдерди бекемдөөгө жана өз ара тажрыйба алмашууга өбөлгө түзгөн натыйжалуу аянтча болуп калды.

Slide
Slide
previous arrow
next arrow