Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду «Инновациялык өнүгүү интеллектуалдык менчик рыногу аркылуу» аттуу XVII Эл аралык форумга катышты

2026-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемесинин базасында гибрид форматта «Интеллектуалдык менчик рыногу аркылуу инновациялык өнүгүү» аттуу XVII Эл аралык форум болуп өттү.

Форумдун алкагында «Интеллектуалдык менчик экономикасын өнүктүрүү үчүн инновациялык инфраструктура» темасында пленардык жыйын өткөрүлүп, анда инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү, интеллектуалдык менчикти башкаруу системасын өркүндөтүү жана аны коммерциялаштыруу механизмдери талкууланды.

Куттуктоо сөзү менен министрдин орун басары Мамыров А.Д. чыгып сүйлөп, туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн илим, билим берүү жана бизнестин интеграциясынын маанилүүлүгүн белгиледи.

Катышуучулардын сөз сүйлөө учурунда илимий изилдөөлөрдүн жана иштеп чыгуулардын жыйынтыктарын коммерциялаштыруунун артыкчылыктуу экенин, жаңы муундагы билим берүү программаларын өнүктүрүүнүн зарылдыгын, ошондой эле илимдин инновациялык өнүгүүнүн негизи катары ролун баса белгилешти. Айрыкча стартап-экосистеманы калыптандыруу жана өнүктүрүүгө, анын ичинде чакан инновациялык ишканаларды колдоого жана университеттик демилгелерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Форум инновациялык өнүгүү тармагында кесиптик диалог жүргүзүү, тажрыйба алмашуу жана практикалык чечимдерди иштеп чыгуу үчүн натыйжалуу аянтча катары өзүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

Slide
Slide
previous arrow
next arrow